БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети 2025-жылдагы майрам күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алды.
Чечим дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылды.
Беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн:
1-январдан 7-январга чейин жаңы жылдык каникулдар болот;
2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күнү;
3-январдын ордуна 24-февраль (23-февраль жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү;
6-январдын ордуна 10-март (8-март ишембиге туш келгендиктен дем алыш жылмак) жумуш күн;
2-май иш күн эмес болуп, ал 1-сентябрь (31-август жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү болот.
Менчик ишканаларга ушул графикти колдонуу сунушталары кошумчаланган.
Эске салсак, 18-декабрда Жогорку Кеңеште Эмгек кодекси кабыл алынган. Анда дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылган. Бирок бул документке президент кол кое элек. Андыктан майрам жана дем алыш күндөр колдонуудагы Эмгек кодекси менен жөнгө салынышы керек.