Жаңы жылда медиктер жана айрым мамкызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Массалык иш-чаралар жана майрамдык жүрүштөр учурунда коопсуздукту максималдуу деңгээлде камсыздоо керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жыйында билдирди.
Ал тийиштүү органдарга төмөнкү тапшырмаларды берди:
тез жардам кызматын, медициналык бригадаларды, саламаттыкты сактоо мекемелерин, авариялык-куткаруу жана өрт өчүрүү кызматтарын, ошондой эле укук коргоо органдарын күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөрүү;
энергетикалык объектилердин үзгүлтүксүз иштешин жана жарандардын электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыздоо;
жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ишеним телефондордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо;
майрам учурунда жарандардын ыңгайлуу жүрүшү үчүн коомдук транспорттун ишин камсыздоо;
бардык тиешелүү кызматтар үчүн нөөмөт графиктерин бекитүү.
"Унаа" мекемеси жаңы жылдык майрамда кандай иштээрин айтышты