Париж, Будапешт. Кыргыз ТИМи имарат сатып алган өлкөлөр

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Узап бараткан жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн бир нече имарат сатып алды. Бул туурасында аталган министрликтин башчысы Жээнбек Кулубаев айтты.
Анын айтымында, кыймылсыз мүлктөр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алынган.
Париж, Будапешт калааларынан элчиликтерге имараттар, ал эми Германияда батир алынган.
"Новосибирск шаарында консулдукка имарат, ал эми Австрияда Башкы консулдуктун кызматкерлерине кеңсе жана батир алынды. Түштүк Корея менен Женевада да кыймылсыз мүлк алууну пландап жатабыз. Бардыгы эми бизге уруксаттын качан берилгендигине байланыштуу. Мисалы, Вашингтондо процедуралар татаал болгондуктан азырынча уруксат бериле элек", — деген Кулубаев.
Кыргызстан чет өлкөлөрдөн өз элчиликтери үчүн кыймылсыз мүлк сатып алууда