Эртең "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болот

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында россиялык артисттердин катышуусунда концерт болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, концерттик программа 18:00дө башталып, ага россиялык ырчы Клава Кока, "Дискотека Авария" жана кыргыз эстрада жылдыздары катышат.
"Бишкектин "Ала-Тоо" аянты кооздуктары, музыкасы жана көңүл көтөргөн шаңы менен майрамдык маанайдын борборуна айланат. Үй-бүлөңүз, досторуңуз менен Жаңы жылды шаарыбыздын жүрөгүндө тосууга келиңиздер", — деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.
Өкмөт 2025-жылы кыргызстандыктар эс ала турган күндөрдүн графигин бекитти