Шыкмаматов: чакан жана орто бизнес үчүн ЭТТК колдонулбайт

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Чакан жана орто бизнес үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) колдонулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ЭТТК көмүскө экономиканы көмүскөдөн чыгарат деген чечим чындыктан алыс.
"ЭТТК экономиканы көмүскөдөн чыгарат деген туура эмес түшүнүк. Жакында кармалган алты салыкчы ЭТТКны пайдаланып, көмүскө иштерди жасашкан. Биз кичи жана орто бизнести ЭТТКдан бошотолу деп жатабыз. Аларга мамлекет тарабынан көмөк болушун каалоодобуз. Алар көмүскөдө иш алып бара алышпайт. Анткени салык отчеттуулугу, бажы, укук коргоо органдарынын көзөмөлү бар", — деди Шыкмаматов.
Өлкөнүн башкы салыкчысы президент аны салыктын эмес, салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү максаты менен ишке койгонун кошумчалады.
Касымалиев: ЭТТК жоюлбайт, бирок жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт