31-декабрга карата аба ырайы

31-декабрга караган түнү айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Шейшембиде көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Талас аймагында 0...+5 градуска чейин, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болот.
Борбор калаада күн ачык болуп +4...+6 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.
ОСАГО полиси жокторго айып салуу 1-июлга чейин жылдырылды