Жаңы мыйзам менен кепилдик фонддор жеке жарандарга да ипотекага үй, унаа алууда көмөктөшөт

Sputnik
«Кепилдик фонду» ААКсынын ачылганына 9 жылдын жүзү болду. Ошондон бери эч качан чыгымга учурабаганын программанын мейманы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Фонддун максаты насыя алууда күрөөсү жетпей калган ишкерлерге жардам берүү. Ушуга чейин 11 миң ишкерге жардам көрсөтүлгөн. Берилген кепилдиктин суммасы 11 миллиард сомдон жогору. Кайтаруумдуулуга да жакшы. Абакировго быйылкы жылы канча кепилдик берилди, кайсы багыттар менен иштешесиңер, мамлекеттик ипотекалык компаниялар менен сиздерден кепилдик алгандар барбы, уставдык капиталыңар кандай, кепилдик мамлекеттик банктар менен элеби же жалпы финансылык банктар менен да иштешеби, ислам принциптери менен кепилдик берүү кандай жүзөгө ашырылууда деген суроолорду берип кенен жооп алдык.