Министр 2025-жылы Ирактан Кыргызстандын жарандарын алып келүү пландалып жатканын айттыИлхам Алиев Актауда кулаган учак жерден аткыланып кырсыктаганын билдирдиОСАГО полиси жокторго айып салуу 1-июлга чейин жылдырылды алдыда кененирээкОСАГО полиси жокторго айып салуу 1-июлга чейин жылдырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго 26-декабрда кол койгон. Буга чейин Жогорку Кеңеште автоунаа ээлери камсыздандыруу полисин алууга жетишпей жаткандыктан аны жылдыруу зарыл экени белгиленген. Депутаттар эл арасында ОСАГО полиси тууралуу түшүндүрүү иштери жетишсиз экенин айтышкан. ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келет. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.
Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик филиалдарынын иш графигине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Маалым болгондой, 31-декабрда мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык башкармалыктары саат 17:00гө чейин иштейт. 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин бардык аймактык башкармалыктары иштебейт. 8-январдан тарта иш кадимки режимде улантылат.
Тышкы иштер министрлиги быйыл жыл ичинде «Айкөл» гуманитардык миссиясынын этаптарын аяктап, анын алкагында Сириядан 121 кыргызстандык мекенге алынып келгенин билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 30-декабрда маалымат жыйында айтты. Кулубаев арыз менен кайрылган жарандардын баары мекенге келгенин, эгер дагы арыз келип түшсө, ал караларын кошумчалады. «Кыргызстандын 28 жараны чет мамлекеттерден мекенине кайтарылды, 114 жаран жаза мөөнөтүн өтөөнү улантуу үчүн чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга алып келинди. Ошондой эле 24 жашы жете элек кыргызстандык репатриация болду. Алар Орусиядан 20, Түркиядан бир, Ирактан бир жана Казакстандан бир жаран алып келинген» , — деди министр. Ал 2025-жылы Ирактан Кыргызстандын жарандарын алып келүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.
"Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы Россиянын аймагынан Грозный шаарына жакын жерде аткыланып, учкучтар аны башкара албай калгандыктан кырсыктаган. Бирок аткылоо атайылап жасалган эмес. Бул тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиев AzTV телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Учак Россиянын аймагынан атайылап аткыланган эмес", — деген өлкө башчысы. Анын айтымында, кулаган учактын фюзеляжына ок тийгени көрүнүп турат, бул факт аба кемеси куштардын тобуна урунган деген версияны толугу менен четке кагат. Анткен менен президент кырсыктын так себеби кара кутулар ачылгандан кийин даана билине турганын белгилеген.
АКШ Россияга каршы багытынан баш тартмайынча, Москва Вашингтон менен курал-жаракты көзөмөлгө алуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маек учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. Ал америкалык бийликтин антироссиялык аракеттери күч алып тургандыктан азыр Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө шарт жок экендигин айткан. "Америкалыктар антироссиялык багытынан баш тартмайынча, биз алар менен курал-жаракты көзөмөлгө алуу боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрбөйбүз", — деген Лавров.