Кыргызстанда жарандык авиацияны өнүктүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Республика аймагында аэропорттор ачылып, реконструкциядан өтүп, модернизация иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Эл аралык жарандык авиация агенттигинин аудитинен өттү.
Анын жыйынтыгы, инспекторлорду окутуу, кадр маселеси, аэродромдорду сертификациялоо иши тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы Бектур Джумалиев айтып берди.