Түштүк Кореяда учак кыйрап, ичиндеги 181 кишинин экөө эле аман калды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Түштүк Кореяда учак кыйрап, ичиндегилердин дээрлик баары көз жумганын Рёнхап агенттигине таянып РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, Boeing 737-800 учагы Бангкоктон Муанга бараткан. Аэропортко конгондо учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзгөн.
Соңку маалыматтарга таянсак, учак ичинде экипаждын алты мүчөсүн кошкондо 181 адам болуп, анын экөө эле аман калганы айтылууда. Көпчүлүгү Түштүк Кореянын жарандары экени кабарланды.
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду