Университетке өзгөчө макам берилгенде алгач башкалар эмес, өзүбүз да анын эмне алып келерин элестете алган эмеспиз. Эми минтип ар бир студенттен ойлоп табуучу, жаратуучу же ишкер чыгарына өбөлгө болгон фестиваль уюштурганыбызда өзгөчө макам мүмкүнчүлүктөрдүн булагы экенин түшүндүк. Мындай пикирин Гүлбара Сыдыкова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жай студенттерди шыктандыруу үчүн стартаптар фестивалын уюштуруп келет.
"Быйыл биздин окуу жай KNU INNOFEST 2024 фестивалын өткөрдү. Бул — студенттердин стартаптарын колдоо максатында уюштурулуп, экинчи ирет өтүп жаткан иш-чара. 2023-жылы алгач өткөргөнүбүздө "Айыл Банк" ААКы демөөрчү болуп, 200 000 сом беришкен. Быйыл да фестивалды колдоп 150 000 сом которушту. Бул балдарды шыктантат экен. Студенттер абдан активдүү катышты. Тандалып отуруп 1-турдан 40 команда өттү. Алардан да иргелип 10 команда алдыңкы орунга чыгып, баш байге жана 1-2-3-орундарга, атайын сыйлыктарга жана кызыктыруучу белектерге ээ болушту. Быйыл фестивалыбызга "Кыргыз индустрия" мекемеси да катышты. Алар биздин жаш ойлоп табуучулардын эмгектерин өтө жогору баалап, өздөрүнө өндүрүштүк тажрыйба топтоп, айрым долбоорлорду колдоого алып, ишке ашырууга кызыгып кетишти. Чынында кыргыз жаштарынын арасында да ойлоп табуучулар көп экен. Ошол эле кол өнөрчүлүк жана башка жашоону жеңилдеткен турмуш-тиричиликке керектелүүчү нерселердин долбоорун жасап катышып, бизди таң калтырышты. Негизинен 1-2-3-курстун студенттери өтө дилгирлик менен катышышты. Биз көп каражат кетчү долбоорлорду демөөрчүлөр менен байланыштырып, университет өзү колдоого ала алчуларын колдоп, айтор, ар бир келип түшкөн кызыктуу иштерди четте калтырбаганга аракеттенүүдөбүз. Биз өлкө үчүн мына ушундай кадрларды даярдашыбыз керек", — деди Сыдыкова.
Ал ошондой эле студенттердин эмгектеринин ири өндүрүшчүлөргө түз жетүүгө шарт түзгөн мындай фестивалдар окуу жайлар үчүн да керектигин кошумчалады.