БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Түштүк Кореядагы учак кырсыгынан улам президентинин милдетин аткаруучу Чхве Сан Мокуга көңүл айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Муан аэропортунда жүргүнчү учак кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат телеграммада.
Мамлекет башчы ушундай эле көңүл айтуу телеграммасын Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы У Вон Шикке да жөнөткөн.
Эске салсак, Муан аэропортунда Боинг-737 учагы учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзүп кырсыктаган. Учактагы 181 адамдын экөө гана аман калганы айтылды.
Алдын ала божомолдор боюнча, учак куштарга урунган. Ошондой эле шасси менен тормоздук системанын бузулушунан улам да кырсыкташы мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат.