Путин экстремизмге каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясын бекитти. Маанилүү жерлери

Жарлыктын ичинде Украина, мигранттар, тарыхты бурмалоо, бейөкмөт уюмдар тууралуу пунктулар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россияда экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегияны бекиткенин РИА Новости жазды.
Документ 72 пунктудан туруп, сегиз бөлүмгө бөлүнгөн. Анын ичинде Украина, мигранттар, тарыхты бурмалоо, бейөкмөт уюмдар тууралуу пунктулар бар.

Украина

улутчул түзүлүштөрдүн күчөшү (анын ичинде Украинада) олуттуу экстремисттик коркунуч туудурат;
ага байланышкан тобокелдиктер коңшу өлкө жана региондорго жайылтылат;
украин неонацисттери эл аралык террордук уюмдар менен байланышын чыңдап жатышат;
кас өлкөлөр Украина кризисин Россияга каршы гибриддик согуш ачуу жана дүйнөдө русофобиялык маанайды тутандыруу үчүн пайдаланып жатышат.
Мында негизги тапшырмалардын бири — Украинанын аймагынан келген экстремисттик коркунучтардын булагын жок кылуу. Мындан тышкары, эл аралык экстремисттик жана неонацисттик жамааттардын өкүлдөрүнүн Россиянын аймагына киришине жол бербөөгө аракет көрүлөт.

Мигранттар

Россияга келген эмгек мигранттары экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылып, радикалдык идеяларды таратып, бийлик менен макулдашылбаган коомдук иш-чараларга катышууда.
Мамлекеттик миграциялык саясаттын негизги милдети — РФ жарандыгын алып экстремисттик жана террордук мүнөздөгү кылмыштарды жасагандардын жарандыгын токтотууга багытталган чараларды көрүү.

Тарыхты бурмалоо

Россияга тышкы экстремисттик коркунуч кээ бир өлкөлөрдүн тарыхты бурмалоо, Экинчи дүйнөлүк согушта СССРдин фашисттик Германияны жана милитаристтик Японияны жеңген ролун жокко чыгарган саясаты менен шартталган.

Бейөкмөт уюмдар

Документте чет элдик бейөкмөт уюмдардын деструктивдүү аракеттери Россиядагы кырдаалга терс таасирин тийгизип жатканы айтылган.

Стратегияны ишке ашыруунун күтүлүп жаткан натыйжасы:

Россиянын аймагында иштебеши керек деп таанылган чет өлкөлүк жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын тизмесине кирген уюмдардын ишмердүүлүгүн жок кылуу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: зарылдык жаралса кубаттуу куралды колдонобуз. Видео