Кызыл-Кыяда колледждин студенти башына тактай тийип каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинде студент тактай көтөрүп баратып чалынып жыгылып, каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматта окуя 18 жаштагы студент лабораториялык бөлмөдөгү курулуш тактайларын сыртка алып чыгып жатканда болгону айтылат. Чалынып жыгылган уландын башына көтөрүп бараткан тактайы тийип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирок, тилекке каршы, эки күндөн кийин каза болгон. Азырынча студенттер эмнеге мындай жумушка тартылганы белгисиз.
Баткен облустук милициясы окуя кокустук фактысы менен катталганын, экспертизалар дайындалып, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилерин билдирди.
Бишкекте эки автоунаа кагышып, айдоочулары каза тапты