БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Актаудагы учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны өлкөгө эртең алып келинет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Эске салсак, Казакстанга кулаган учак кырсыгынан үч мекендеш жабыркаган. 26 жаштагы Ринат Асановдун абалы оор экени кабарланган. Министрлик аны атайын жабдылган аба кемеси менен алып келүүнү Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшкөнүн билдирди.
"Абалы жакшы деген эки кыргызстандык туугандары менен 30-декабрда алып келинет", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандарга компенсация төлөө маселелери да сүйлөшүлүп, дипөкүлчүлүк анын өлчөмү жакын арада белгилүү болорун айтты.
Ал арада "Азербайжан аба жолдорунун" (AZAL) Байкоочу кеңеши учак кырсыгынан жабыркагандарга 20 миң манат (болжол менен 12 миң доллар), каза болгондордун үй-бүлөсүнө 40 миң манат (болжол менен 24 миң доллар) төлөнөрүн билдирди.