Кыргызстандагы аба ырайынын бир жумага карата божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктер өлкөнүн көпчүлүк аймагында 3-январга чейин күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөй турганын билдиришти.
Бишкекте 31-декабрь күнү эртең менен жана 3-4-январда кар жаашы ыктымал.

Чүй, Талас

30-31-декабрда тоолуу аймактарда, 3-январда аймак боюнча кар жаашы ыктымал. Таласта 4-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Кээ бир күндөрү таңга маал туман түшөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

29-декабрда жаан-чачын жок. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 30-декабрда тоолуу райондордо, 3-январда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Ысык-Көл, Нарын

29-30-декабрда эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен туман түшүшү мүмкүн. 31-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал, бирок күндүз жана 1-2-январда аба ырайы негизинен жаан-чачынсыз болот. 3-январда күндүз жана 4-январда айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштады