"Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек синирген ишмери Чалагыз Исабаев 1991-жылы Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 53 жашында көз жумган.
Дал ушул күндөн баштап, жубайы Самара Токтакунова үчүн жашоо экиге бөлүнүп калган... Жубайлар 26 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк болуп, эки уулду татыктуу тарбиялаган.
Эмесе кеп башынан болсун. Программабыздын бул чыгарлышында СССРдин Эл артисти, КР Эл артисти комузчу Самара Токтакунова жолдошу Чалагыз Исабаев жөнүндө баяндап берет.