Бишкекте өткөн президенттик балатыга өлкө аймагынан 1100 бала катышты.Актаудагы учак кырсыгы. Путин Алиевден кечирим сурадыОшто кийинки жылы муниципалдык ипотекалык үйлөр бериле баштайтАлдыда кененирээкОш шаарында келерки жылы муниципалдык ипотекалык программа боюнча курулган көп кабаттуу беш үй пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Учурда калаанын жети аймагында ипотекалык жана үлүштүк программа боюнча көп батирлүү турак жайлар курулуп жатканы айтылды. “Келерки жылы беш көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет. Анын экөө муниципалдык ипотекалык, үчөө үлүштүк программа боюнча берилиши күтүлүп жатат”, — деп билдирди шаар бийлиги. Мэрдин орун басары Замир Юсупов 12 кабаттуу жана 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышып чыккан. Ал курулуш иштеринин сапатына көңүл бурулуп жатканын белгилеген.
Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамы президент Садыр Жапаровдун жана канайым Айгүл Жапарованын катышуусунда өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, иш-чарага өлкө аймактарынан 1100 бала чакырылган. “Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар”, — деп айтылат маалыматта. Балдар үчүн концерттик программа тартууланып, президент Садыр Жапаров куттуктаган.
Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго соңку кырдаал боюнча маалымат берген.Алагөзов учурда кыргызстандыктын абалы оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу экенин, дарыгерлер уруксат беришсе эле самолет жиберилерин белгиледи. Ал эми калган эки кыргызстандык дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылат.
Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учак боюнча трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу кечирим сурады. Кремлдин билдиргенине караганда, лидерлер 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдорунун" жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу маселелерди талкуулашты. Путин каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи. Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган. Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси "Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу" боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда. Учурда Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда жүрүшөт, алар Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышууда.