Лавров курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча АКШ менен сүйлөшүүнүн шартын атады

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШ Россияга каршы багытынан баш тартмайынча, Москва Вашингтон менен курал-жаракты көзөмөлгө алуу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маек учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал америкалык бийликтин антироссиялык аракеттери күч алып тургандыктан азыр Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө шарт жок экендигин айткан.
"Америкалыктар антироссиялык багытынан баш тартмайынча, биз алар менен курал-жаракты көзөмөлгө алуу боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрбөйбүз", — деген Лавров.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Батыш берген алыска атуучу ракеталар түгөнүп баратат