Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда 53,1 млн. доллар сатты

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кечээ Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда 53,1 миллион доллар сатты.
Эскерте кетсек, Улуттук банк валютанын олку-солкулугун жөнгө салуу үчүн долларды сатып же сатып алып турат.
Бул — декабрь айындагы үчүнчү интервенция, ушул айда 192,8 миллион доллар сатылды.
Белгилей кетсек, доллардын орточо курсу (87,35 сом) өзгөргөн жок.
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады