БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Нарында баасы 1 миллиард сомдон ашуун Токой фондунун жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер тилкенин аянты 208,7 гектарды түзөт.
"2016-жылы Нарын токой чарбасынын директору Ш.У.Б. келишим менен атасы Б.Ш. Токой фондунун жерин 45 жылга ижарага берген. Ошол эле жылы ал жерге эч кандай документтери жок үй жана кашар курулган. Андан кийин У.Ш. Нарын райондук сотунун төрагасы Э.М. менен кылмыштуу бүтүм түзүп, 2017-жылы Б.Ш. турак үйү жана курулмалары бар 356,4 чарчы метр жердин ээси деп таануу жөнүндө соттун чечимине жеткен. Соттун чечиминин негизинде Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери Ж.М. менен тил табышып, У.Ш. 1393,57 чарчы метр жерге менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган. Бул Нарын райондук сотунун чечиминде көрсөтүлгөн жер тилкесинин өлчөмүнөн бир топ ашып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши козголуп У.Ш. жана Ж.Мга карата 27-октябрда Нарын шаардык сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Ал эми жер тилке имарат-курулуштары менен мамлекеттин балансына кайтарылганы кошумчаланды.