БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. ТИМ жаңы жылдан баштап Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эске салды.
Министрлик бул өзгөртүүлөр чет элдиктерге карата көзөмөлдү күчөтүүгө багытталганын белгилеген.
ТИМдин маалыматынын негизги учурлары:
1-январдан тарта Россияда жыл ичинде жүрүү мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскарат. Бул документтери жокторго (мисалы, убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим) тиешелүү;
5-февралдан баштап Россияда жүрүүгө (жашоого) мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерди өлкөнүн аймагынан чыгаруу режими башталат;
Россиянын ички иштер органдарына (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарга карата айрым укук бузууларды жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыгарууга укук берилет;
министрлик жердештерге Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө статусун ылайыктап алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.