Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштады

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда уйлар көп сүт бере баштаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеме 2019-жылдан 2023-жылга чейин бир уй жылына орто эсеп менен канча сүт бергенин аныктаган.
Ушул убакыт аралыгында сүт алуунун көлөмү 20 килограммга жогорулап, 2 миң 22 килограммды түзгөн.
Буга чейин Курултайда президент өнүккөн өлкөлөрдө 5-10 литр сүт берген уйду эч ким бакпай турганын, кеминде 20 литр сүт берген асыл тукум уйларды көбөйтүү керек экенин айткан.
Кыргызстанда асыл тукум малдын башын көбөйтүү максатталууда