Акчаны каткан жерден тапкыла! Бишкекте элди кыжалат кылган блогер кармалды

Түндө Ак-Ордо конушунда топ адам чогулуп акча издеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкекте блогер баракчасына катталуучу топтоо үчүн шаардын бир бурчуна акча катып элди чогулткан деп милицияга алып келинди.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы киши Ак-Ордо конушунда 100 миң сом катканын айтып, түндө адамдарды топтоп, жашоочуларды сарсанаа кылган.
Блогер муну баракчасында катталуучуларын көбөйтүү үчүн жасаганы айтылды. Ал мындан кийин элди чочулаткан акцияларды уюштурбоого убада берди.
Таласта Мбанктан 171,5 миң сомун уурдаткан жарандын акчасы кайтарылды