Аксы районунда жайыт көйгөйү өтө курч. Мал чарбасында сандан сапатка өтүү керек. Бул тууралуу Замирбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, малдын саны көп болгондуктан жайыттар деградацияга учураган.
"Аксыда жайыт көйгөйү— негизги маселе. Район аймагында 79 миң гектар асылдуулугу жакшы жайыт бар. Ал эми катталган койлордун саны 220 миңди түзөт, бирок иш жүзүндө бул сан 500-600 миңге жетет. Мал санакта 30-50 пайызын эле көрсөтүп коюшат. 79 миң гектар жайыт 220 миң кой үчүн аз, ал эми 500-600 миң кой үчүн өтө эле тартыш болуп калат. Жайыттар деградация болуп, чаңы асманга сапырылып жатат, мал күзүндө арык келет. Башка жактан жайыт издөөгө аракет кылдык. Бирок аралык жана жол көйгөйүнөн улам бул жаатта дагы мүмкүнчүлүк жок. Негизги маселе малдын саны өтө көп, кыскартуу керек. Мал чарбасында сандан сапатка, асыл тукум малга өтпөсөк абал кыйын болот", — деди Сыдыков.
Ошондой эле мал чарбасына көз карандылыкты азайтуу үчүн туризм менен багбанчылыкты күчөтүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.