БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Украина аскерелеринин арасында 2025-жылы Россия менен элдешүүгө ыктагандар көбөйө баштады, алар тыныгуу алсак дешет. Бул тууралуу америкалык Washington Post жазып чыкканын РИА Новости кабарлады.
Украинанын №33 механизациялаштырылган бригадасынын Феликс аттуу аскери басылмага жоокерлер чарчап бүткөнүн айтып берген. Башка аскер кызматкерлеринин айтымында, киши жетишпей жатат, ал эми пехотада саналуу жоокер калган.
Феликс АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр башталарына ишеним артты.
"Абалды өзгөртүү керек. Эгер буга биздин аткаминерлер чекит кое албаса, балким, Трамптын колунан келер", — деген аскер.
Эскерте кетсек, бейшемби күнү РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров россиялык жана чет өлкөлүк журналисттер менен баарлашып жатып элдешүү туңгуюкка кептечү жол экенин билдирген. Анын айтымында, тыныгуу Киевди курал-жаракка толтуруу үчүн керек экени азыр эч кимге жашыруун эмес. ТИМ жетекчиси Москвага куру сөздүн кереги жок экенин, аягына чыккан юридикалык макулдашуулар түзүлүшү зарылдыгын белгилеген.
Ал эми Трамп украин чыры боюнча көп ирет айткан, жаңжалды бир күндө токтотуп кое алары тууралуу сөзү анын шайлоо өнөктүгүндөгү убадаларынын бири болчу. Россия бул бир күндө чечилип калбай турган олуттуу маселе экенин белгилеп келет. Мындан тышкары, АКШнын жаңы шайланган президенти өлкөсүнүн Украина чатагына жасаган мамилесин сындап, ошондой эле Зеленскийди кызыл кулакка теңеп нааразы болуп келет.