Путин: Украина Россиянын газын өткөрбөй Европаны жазалоодо

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Украина россиялык газды алуу боюнча келишимди жаап салып, Европаны жазалап жатат, себеби мындай нерседен кийин аталган аймакта баа өсөт. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды.
"Булар Европанын колунан жем жеп жатат, алардын колдоосу жок Украина согушмак тургай жашап кете албайт. Биздин газды алуу боюнча транзиттик келишимдерди жаап, эми Европаны жазалоодо. Мунсуз деле алардын абалы кыйын. Миң куб газдын баасы 500 долларга чыгып кетти... Түзүлгөн келишим жок, ага үч-төрт күндө кол кое салуу мүмкүн эмес. Эми болбойт. Ал жактарда баа кайрадан өсөт. Бул боюнча чагымчылыкты биз жасап жаткан жокпуз. Бул — алардын саясаты", — деген Путин журналисттерге.
Россия газын Европага транзит менен жеткирүү боюнча 2019-жылы түзүлгөн келишим 31-декабрда соңуна чыгат. Киев макулдашууну узартпай тургандыгын буга чейин бир нече ирет айткан. Ал эми өткөн аптада Владимир Зеленский Украина аймагы аркылуу Россиянын газын Европага транзит менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү 31-декабрдан кийин үчүнчү өлкөлөр сатып алган күндө да четке кагыларын айткан.
Bloomberg Европа жаңы энергетикалык кризиске туш болуп жатканын жазды