БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети 2025-жылда боло турган айыл чарба каттоосуна 278 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата жана Араван райондорунда сынамык айыл чарба каттоосу ийгиликтүү аяктады.
"Министрлер кабинети каттоону өткөрүүгө 278 миллион сом бөлгөн, анын 87,8 пайызы (243,9 млн сом) кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө жумшалат. Каттоо иштерине 6,8 миңден ашык кызматкер тартылат. Бирок толук масштабдуу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо зарыл. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен иштер жүрүүдө. Мисалы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта.
Айыл чарба каттоосу агрардык сектордун өнүгүүсүнө негиз болуучу маалыматтарды тактоого жана бул тармактагы саясатты жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экени кошумчаланды.