Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берди
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун расмий баштоо аземи өттү.
Бул ири долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан аймагында биргелешкен компания түзүлүп, ал темир жолдун курулушун жана эксплуатациясын координациялоону камсыздайт. Андагы үлүштүн 51 пайызы Кытайга, 24,5 пайызы Кыргызстан менен Өзбекстанга тиешелүү болот.
Темир жол Кашкардан Торугарт ашуусу аркылуу Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт. Узундугу 523 чакырым, анын 305 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Жалпысынан 27 тоннель, 46 көпүрө курулат. Казарман тоннели эң узун болуп, узундугу 13 чакырымга жетсе, Көк-Арт суусунан өтө турган көпүрөнүн эң бийик тирөөчү 122 метрге жетет.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун инвестициялык макулдашуусуна кол коюлду