БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда темир жолдун курулушуна старт берип жатып айтты.
Анын айтымында, жаңы темир жол Евразиянын түштүк көпүрөсү болуп, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Евробиримдикке чейин жүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүк ачат.
"Аталган темир жолдун курулушу менен Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек Жолунун тарыхый деми калыбына келет. Ал эми Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ! Биринчиден, аталган темир жолдун курулушу өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары биздин ролубуз бекемделет, жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден, аталган долбоор өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, жетүүгө кыйын райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат", — деген Жапаров.
Темир жолду куруу жана иштетүү миңдеген жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн экономикасына оң таасир берери белгиленди.
"Бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат", — деди өлкө башчы.
Ошондой эле мамлекет башчы Балыкчыдан Макмалга темир жол курулуп, өлкөнүн түндүгү менен түштүгү байланышарын дагы бир жолу эске салды.