Путин Россия газды Польша аркылуу берүүгө даяр экенин айтты

Газ түтүктөрү. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Россия газды Евробиримдикке Польша аркылуу берүүгө даяр. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы Москва Европага отун берүүдөн эч качан баш тартпагандыгын белгиледи.
"Польша өз аймагынан өткөн маршрутту жаап салды, ал иштеп турган, эч ким аны талкалап, жардырган эмес. Баскычты басып коюш жетиштүү, газ Польшанын аймагы менен барат", — деген Путин.
Президент түтүктү Польша аркылуу өткөн Ямал — Европа түтүгү менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалаган.
Путин Украина транзити боюнча да айткан. Ал Киев бийлиги россиялык газды алуу боюнча келишимди жаап салып, Европаны жазалап жаткандыгына токтолгон.
Газ бөлүштүрүүчү станция. Архивдик сүрөт
Bloomberg Европа жаңы энергетикалык кризиске туш болуп жатканын жазды