Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: зарылдык жаралса кубаттуу куралды колдонобуз. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Эгерде орто аралыкка атылуучу алда канча кубаттуу куралды колдонуунун зарылдыгы чыкса, Россия аны пайдаланат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынан кийин журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берип жатканда айтты.
Кеп "Орешник" ракетасы боюнча жүрдү.
Мамлекет башчы Россия аскерлери жакында эле америкалык ATACMS ракеталарын айтып түшүргөндүгүн эске салган.
"Бул жашыруун деле эмес, бирок бизде "Орешниктин" тибинде бир нече ракета турат, колубузда бар. Ал — коюлган бир нече милдетти чечүүгө багытталган курал", — деген Путин.
Эксперттер аталган курал Украинанын борбору Киевге — 5, Парижге 17 мүнөттө жетерин айтышкан.
"Орешник" — россиялык ойлоп табуучулар жасаган жаңы курал. Путин ушу тапта бул куралды атып түшүрүү мүмкүн эместигин эскертип, 5,5 миң чакырымга чейин жетерин белгилеген.
Кремль Путиндин "Орешник" менен дуэль өткөрүү боюнча айткандарын түшүндүрдү