БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы миллиард сомдук эс алуу борбору мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо ишинин алкагында алынган.
"Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы аянты 4 миң 679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 миллиард 84 миллион сомду түзгөн "Симирам" эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК быйыл жайында бул эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыялаган эле. Таиров Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө борбордон коттедж, номер, майрамдарда белек-бечкек берип турганы айтылган.
Кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү аныктоо аракеттери уланып жатканы кошумчаланды.