Кочкор-Атадагы оорукана жер тилкеси менен менчиктештирилгени аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарындагы оорукананын имараттары жер тилкеси менен кошо менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын айтымында, жергиликтүү аткаминерлер 1993-жылдан 2009-жылга чейин оорукананын балансындагы төрт имаратты, төрөткананы бир бөлүгүн жана 28 сотых жер тилкесин менчикке чыгарып кетишкен.
"Учурда оорукананын аймагына эки турак үй, эки жеке клиника жана беш дарыкана курулган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасы башталганы кошумчаланды.
УКМК: 18 млн. долларлык "Ош Нуру" мейманканасы мамлекетке кайтарылды