Песков: тергөөгө чейин Кремль учак кырсыгына комментарий бере албайт

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Актауга жакын жерде кыйраган учактын себептерин иликтөө уланып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча биздин кандайдыр бир баа берүүгө акыбыз жок. Авиациялык бийлик бар, маалыматты ошолор гана бере алат", — деди Песков.
25-декабрда Бакудан Грозныйга учкан учак Актауга жакын жерде кыйраган. Такталган маалыматтар боюнча, учакта 67 адам болгон. Авиакырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29у аман калган. Жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык бар, алардын биринин абалы оор деп бааланууда.
Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы айтылды