28-декабрга карата аба ырайы

Кыздар парктагы отургучта китеп окуп жатышат. Архив
28-декабрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10, Ысык-Көл жеринде 0…5, Нарын облусунда -4…-9 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 5…7, Ош шаарында 8…10 градуска жетет.
Бишкектеги ыш. Архив
ЖК депутаты ыштан улам бакчаларда бөбөктөрдү эшикке чыгарбоону сунуштады