2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет

Sputnik
2025-жылдан баштап Премьер-лигадагы футболдук клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет. Бул шарт лицензиялоодогу талаптардын тизмегине кошулган. Ага ылайык, клубдар 14 жана 16 жашка чейинки өспүрүм кыздардан турган командаларды түзүшү керек. Мындан тышкары, Премьер-лигага жаңы төрт команда кошулат. Ички чемпионат, инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр, жаңы стадион, машыктыруучуларды даярдоо иши тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков маалымат берди.