Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылы да бир катар куткаруу иштерин аткарып, куткаруучулар ар кандай жаратылыш, өрт кырсыктарында адамдарды куткарып, өлүм менен кармашты. Каза болгондор да жок эмес.
Министрдин орун басары Эделбек Кулматовго «Ачык Кеп» программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушундагы талаптар, текшерүүлөр, кызматкерлердин, ӨКМдин техникалык-базалык жабдылышы, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, куткаруучулардын абалы тууралуу бир катар суроолорду узатып жооп алдык.