"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?

Sputnik
Tunduk тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга шарт түзүлдү. Эми жарандар никени каттатуу жана бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү боюнча күбөлүктү, ошондой эле өлгөндүгү боюнча маалымкатты аралыктан алса болот.
2024-жылы жаңы кошулган кызматтар, "Түндүк" өз ара аракеттенүү тутумунун иши тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов маалыматтар менен бөлүштү.