Россия Сирия Ливиянын тагдырын кайталабайт деген ишенимде

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россия бийлиги алмашкан Сирия мамлекети Ливиянын тагдырын кайталабайт деген ишенимде. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бул тема боюнча Сауд Арабиясы, Ирак, Иордания, Египет, Катар, БАЭ, Бахрейн жана Ливан менен байланыштабыз. Баарыбыз тең Сириянын НАТО талкалап ушу кезге чейин калыбына келе албай жаткан Ливиянын тагдырын кайталабашына кызыкдарбыз", — деди дипломат.
Лавров Сирияда боло турган шайлоо жыйынтыгын бардык тараптар эч күмөнү жок тааный тургудай болуп уюштурулушу зарылдыгын, ага өлкөдөгү бардык саясий жана этноконфессионалдык топтор катышышы керектигин белгиледи. Министрдин айтымында, Россия Түркия жана Иран, ошондой эле башка араб мамлекеттери менен чогуу бул процесске БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында да, Астана форматынын алкагында да көмөктөшүүгө даяр.
Лавров муну менен бирге Россия Сириянын жаңы бийлиги менен экономикалык кызматташууну жандантууга ниеттенип жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул жаатта эки өлкөнүн ортосунда өткөн жылдардын жетишкендиктери бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Франция Россияга Украинаны катыштырбастан чырды чечүүнү сунуштаган