БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россия Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы менен консультацияларга даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйында билдирди.
Дипломат Ак үй чыр-чатактын түпкү себебин акыры түшүнөрүнө үмүт арткан.
"Трамп мырзанын администрациясы, анын ичинде Келлог мырза да (Украина боюнча атайын өкүл — ред.), жаңжалдын түпкү себебине көңүл бурат деп катуу ишенем. Биз консультацияларга дайым даярбыз", — деди Лавров.
Министр муну менен бирге Украина менен элдешүү азыр ишке ашпай турганын, Россия үчүн артка кайткыс макулдашуулар зарыл экенин белгилеген.
"Боло турган макулдашууларда алардын бузулушуна жол бербей турган механизмдер камтылышы керек", — деген Лавров.