Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия жаңжалды аягына чыгарууга умтулат! Путиндин Украина боюнча кеби

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынан кийин журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.
Анын ичинде мамлекет башчынын жалпы ишеними жана жана 2025-жылы атайын операцияны Россия жеңиш менен аяктайт деген ишеними бар же жок экендигин боюнча узатылган собол болду.
"Кудайдын бар экендигине ишенем, ал эми Кудай биз менен", — деди Путин.
Президенттин кебинин урунттуу учурлары:
Россия Украинадагы жаңжалды аягына чыгарууга умтулат;
Россия өзүнүн аймагында жасалган соккуларга дал ошондой жооп берип келет. Зарыл болсо “Орешникти” да кайра колдонушу мүмкүн, бирок азырынча шашылыш жок;
өлкө 2025-жылы атайын операциядагы максаттарына жетүүнү улантат;
Словакия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча берүүгө даяр, Россия буга каршы эмес;
Украина Европанын колдоосу жок жашай албайт;
Россиянын чек арасындагы кырдаалды курчутуу аракетине каршы туруу үчүн күчтүү болушубуз керек;
жаңы жылга чейин газдын Украина аркылуу транзити боюнча келишим түзүү мүмкүн болбой калды;
Россия газды Украина аркылуу кайсы гана контрагент болбосун келишимдин негизинде жеткирүүгө даяр. Бирок Киевдин доо арызына байланыштуу бул мүмкүн эмес.
Путин: ЕАЭБ экономикалардын өсүүсүн камсыздап жатат