БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жыйынын 2025-жылдын май айынын экинчи жарымында Минскиде өткөрүүнү сунуштады.
“Беларустун ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгын эске алуу менен жайкы жыйынды Минск шаарында өткөрүүнү жана аны уставдык документтерде каралган Евразиялык экономикалык форум менен айкалыштырууну сунуштайм. Мен калыптанып калган практикадан тайбайм жана бул иш-чараларды майдын экинчи жарымында, 29-майда, уюштурууну сунуштайм”, — деди Лукашенко ЕАЭБ саммитинде.
Белгилей кетсек, бүгүн Россиянын Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.