Эмгек акыны "Элкарт" аркылуу төлөө сунушталды. Кимге тиешелүү?

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Эмгек акыны "Элкарт" системасы аркылуу төлөө сунушталды. Президенттин жарлыгынын долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Максаты — экономикалык коопсуздукту бекемдөө, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү.
Жарлыкка ылайык:
стратегиялык объектилердин кызматкерлерине эмгек акы "Элкарт" улуттук төлөм системасынын банктык карталары аркылуу төлөнсүн;
бардык уюмдарга жана мекемелерге эмгек акыларды "Элкарт" аркылуу төлөө сунушталсын;
банктарга жана башка уюмдарга улуттук төлөм системасын колдоо боюнча шарттарды түзүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады