БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров 98 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1926-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында туулган.
"1944-жылы согушка аттанып Литва ССРинин Каунас шаарын жана Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан. Жеңишти Германияда тосуп, эрдиктери үчүн Кызыл Жылдыз ордени, Берлинди алгандыгы үчүн, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн медалдары менен сыйланган. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып айыл чарба тармагында эмгектенген. "Үлгү" колхозунда, андан соң Госспецхоздо автоунаа айдоочу болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Ардагер 2017-жылы Москва шаарында болуп, Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган салтанатка катышкан. Ошондой эле өзү туулуп-өскөн айылындагы кичи футболдук аянтчага ысымы ыйгарылган.