Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы айтылды

28-декабрда аман калгандардын жакындары Казакстанга бара турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында кулаган учактан аман калган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди.
Мекеменин маалыматында, эки кыргызстандыктын өмүрүнө коркунуч жаралган жок, ал эми үчүнчү кишинин абалы оор.
“Азербайжандын, Россиянын жана Казакстандын дарыгерлеринин консилиумунда аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуу чечими кабыл алынды. Операция абалы жакшырганда гана жасалат”, — деп билдирди ТИМ.
28-декабрда аман калгандардын жакындары Казакстанга бара турганы кошумчаланды.
Мангистау облусундагы кыргыз диаспорасы жабыркагандарга көмөк көрсөтүп, байланышта болуп жатканын белгилешти.
Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учакта жалпы 67 адам болгон, анын 38и каза тапты. Борттогулардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
Учак кырсыгы. Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге көңүл айтты