Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ коңшу өлкөнүн соңку маалыматтарына таянып билдирди.
Ага ылайык, учактагы 67 кишинин 29у (үчөө кичине балдар) аман калып, түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Казакстандын вице-премьери Канат Бозумбаев кырсыкты изилдөө үчүн мекеме аралык топ түзүлгөнүн, ага кирген тиешелүү эксперт-криминалисттер кырсыктын чоо-жайын аныктай турганын айтты. Ал белгилегендей, учурда кандайдыр бир бүтүм чыгаруу мүмкүн эмес.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учакта жалпы 67 адам болгон. Алардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
Учак кырсыгы. Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге көңүл айтты