БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россияга Франциядан Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүнү Киевсиз жүргүзүү боюнча сунуш түшкөн. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров россиялык жана чет элдик ЖМКларга интервью берип жатып билдирди.
"Франциялык кесиптештерибизден бир нече ирет украин маселеси боюнча диалогду жолго коюп берүү сунушу түшкөн. Баса, ага Украина катышмак эмес", — деди дипломат.
Лавров Париждин мындай кадамдары Батыштын "Украинасыз Украина тууралуу бир да сөз айтпоо" эрежесине каршы келерин белгиледи. Ошол эле учурда Франция Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүүнүн демилгечиси болуп, Украина Куралдуу күчтөрү үчүн жоокер даярдап берип жатканына токтолду.
"Мындай эки жүздүүлүк франциялык кесиптештерибиздин аракеттерин олуттуу кабыл алууга кедергисин тийгизет", — деди министр.
ТИМ башчысы Россия АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы менен Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча консультацияларга даяр экенин, бирок Москва суу кечпеген сөздөргө убакыт коротпой турганын белгилеген.