“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жылдын башында жашоого маанилүү болгон дары-дармектердин тартыштыгын жоюу, баа саясатын жөнгө салуу жана сатып алгандарды борборлоштуруп, оптималдаштыруу максаттарын коюп, орундады. 9 айдын жыйынтыгы боюнча, 80-400 пайыз арзандатуу менен жалпы 3,5 млрд сомго дары каражаттары жеткирилди. Анын 1 млрд 500 млн сомун жогорку технологиялар фонду каржыласа, ал эми борборлоштурулган иштердин алкагында 405 млн сомго дарылар келди. Ошентип сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражатынын жалпы суммасы 497 млн сомду түздү.
Бүгүнкү күндө175 өндүрүүчү менен түз келишим түзүлүп, тизмедеги дары каражаттардын саны 1000ге жеткенин аталган ишкананын директорунун орун басары Наргиза Тохтасинова айтып берди.