Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып биринчи окуудан өттү. Алдыда 2-3- окууда каралышы күтүлүүдө. Бул мыйзамдын максаты өлкөдөгү диний маселелерди иретке келтирүү, ич ара диний ишенимдердин ынтымагын жакшыртуу болуп саналарын программанын мейманы Азамат Юсупов билдирди. Ага жылды кантип жыйынтыктап жатышканы, дин тутуу эркиндиги жаатында каралып жаткан жаңы мыйзамдын максаты, коомдук талкууда кандай сунуштар айтылганы, жакында эле жургүзүлгөн изилдөө иштери, диний билим берүү, дин иштери комиссиясынын стратегиялык жактан беш-он жылдык пландары тууралуу суроолор узатылды.